Биз жонундо

Биз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундоБиз жонундо

УставУстав
№2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин маалымат баракчасы.

Мектептин имараты 2 корпустан турат. 1938-жылы Казарман мектебинин курулушу башталып, 1940-жылы пайдаланууга берилген. 1-корпус 1968-жылы курулуп, 2 -корпусу 2001-жылы 440 орундуу жаңы имараты бүтүрүлгөн. Мектеп имаратынын жалпы аянты 21928м.кв. 2002-жылы орто мектепке «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген» мугалими,»Ардак белгиси» орденинин ээси, «Эл агартуунун отличниги» Асан Абдраимовдун ысымы берилген.Асан Абдраимовдун музейи балдары тарабынан жаныланып тузулду.Мектепте спорт зал жок.2013-жылы демоорчу тарабынан мини футбол аянтчасы курулган. Окуучулардын сапаттуу билим алышына , ден-соолуктарын чын болушуна , мектептин материалдык-техникалык базасын чындоо учун КР дагы БУУнун дуйнолук азык -тулук программасы(БУУДАТП) «мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу» программасы боюнча 4- агымдын пилоттук мектептеринин ичине кирип, 2015жылдын март айында долбоор башталып, учурда заманбап ашкана иштеп жатат.Жалпы мектепте 14 компьютерден 5 компьютер иштейт.Видео байкоо демоорчулор тарабынан орнотулган.2021-2022 окуу жылынын август айында мектептин 1млн 700с жылуулук системасы жаныртылды. Мектеп кабинеттерине телевизор,проекторлор демоорчулор жана «Ага-Хан» коомдук фондусу тарабынан алынып келинди. 2002-2003-окуу жылында Токтобаева Насипкан, 2004-2008-окуу жылында Төрөгулов Кадырбек, 2009-2010-окуу жылында Базарова Апал, 2011-2013-окуу жылында Матиева Салкынбүбү, 2013-2020-окуу жылында Арзиева Элмира,2020-2021-окуу жылынан баштап Кудагелдиева Венера мектептин директору иштеп келүүдө.ошондой эле чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Мурзалиев Дамир, окуу бөлүмүнүн башчысы Соодонбекова Бактыгүл, башталгыч класстардын окуу бөлүм башчысы Калманбетова Айкөкүл, тарбия иштеринин уюштуруучусу Ж. Акунова, соц.педагогдор Аттокурова Нурзат жана Молдобаева Дамира, профсоюз уюмунун төрайымы Ташматова Нурайым иштеп келе жатат.
Азыркы мезгилде мектепте 885 окуучу билим алып жатышат. Мектепте жалпы 87 мугалим билим тарбия берип келишет. Алардын ичинен 83 жогорку билимдуу, 1 бутпогон жогорку билимдуу, 3 мугалим атайын орто билимдуу. 27 мугалим «КР билим беруунун мыктысы» наамына ээ болгон.1 мугалим «КРнын маданияттын мыкты кызматкери», 5 мугалим профсоюз уюмунун отличниги , 29 мугалим МНОнун ардак грамотасынын ээси.
Окуучулардын сандык жана сапаттык корсоткучтору ( оздоштуруу. билим сапаты, олимпиада , тест, артыкчылык аттестат,куболук) .2021-20022 окуу жылында билим сапаты 51 % тузду.Окууга тартылбаган окуучу жок . Райондук денгээлдеги олимпиададга 31 окуучу катышып, 9 окуучу 1-2-3 орундарды алышты. Областтык олимпиададан 9-класстын окуучусу Жумагулова Нуриза география предметинен 1-орунду ээлеп, ресеспубликалык олимпиададан 2-орунду камсыз кылды. Даярдаган мугалими Венера Кудагелдиева. ЖРТ га жалпы 42 окуучу катышты. эн жогорку балл алган 5 окуучуга жана класс жетекчисине «Менин мектебим» долбоорунун жетекчиси Мэлс Эркинбек тарабынан акчалай сыйлык тапшырылды. Артыкчылык куболукко окуучу ээ болду.»Окуйбуз, изилдейбиз, жасайбыз»1-6 класстар арасында отулгон республикалык сынакка биздин мектептен 3 топ катышып, райондон баш байгеге ээ болду. Обласстык турга катышып 2 — орунду камсыз кылды. Жетектеген мугалимдери Калыкова А, Насырынбекова Ч, Турсунаалы кызы М, Семетеева Б. диплом, ардак грамоталар менен сыйланышты.Ар кандай сынактара да катышып байгелуу орундарга ээ болууда. «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагында башталгыч класстын мугалими Назарбекова Мээрим 1- орунга ээ болду. Мектепте 9 усулдук бирикме иш алып барат. Жыл ичинде бардык бирикмелер декадалар, мастер-класс, тренинг, улгулуу ачык сабактар отулот.Мектепте озун-озу башкару уюму окуучулук комитети тузулуп иш алып барышат.Мектеп ичиндеги жана райондук , областтык. республикалык окуучулар арасындагы ар кандай сынактарга активдуу катышып, байгелуу орундарга ээ болуп келуушудо.Спорттук мелдештердин ичинен курош боюнча райондук, областтык , республикалык мелдештерде1- 2-3 орундарды камсыз кылышат.
2017-ж,2019-ж,2022-жылдарында “Жылдын мыкты мектеби” номинациясына ээ болгон.