Маалыматтык — китепкана кызматы

Китепканада жалпы окуу китептеринин саны:11044 мунун ичинен кыргыз класстарынын 7900, ал эми орус класстар үчүн 3144
Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо китептер 545,көркөм адабий китептер 250,башталгыч класстардын окуучулары үчүн жомок китептер 270.
Август айында окуучуларга окуу китептерин таратуу менен окуу жылы башталат.Ошондой эле август кеңешмесинде иш план түзүлүп,анын негизинде иш алып барабыз.Ижара акысын төлөй турган китептердин санын жана акчасын класс жетекчилерге,ата энелерге түшүндүрүп,окуу китептери таратылат жана райондук билим берүү бөлүмүнө отчет берилет.Келген китептерди жана окуучуларга берилген китептерди электрондук вариантка өткөрүп Д-10 отчету берилет.

Ар кандай даталуу күндөрдө иш пландын негизинде кече,көркөм окуу,бурчтар уюштурулуп турат.Мисалы;2021-2022-окуу жылында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата»Улутту улут кылган тил»деген теманын негизинде көркөм окуу.Мугалимдер күнүнө карата буклеттер,Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата Айтматовдун чыгармалары бурч,21-февраль Эне тил күнүнө карата «Эне тилим сыймыгымсын даңктаган»деген теманын негизинде концерттик кече,23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата»Түгөнбөс акыл мүрөгү китепти дайым сүйлөдү»аттуу кече өткөрүлдү.

Окуу жылы аяктап калганда окуучулардын окуу китептерин тактап,китепканага кабыл алып,кийинки окуу жылына китептердин абалын карап,жоготкон китептерди кайра ордуна башкасын саттырып алып кийинки окуу жылына даяданабыз.