Соодонбекова Бактыгуль Абдыбековна

Окуу бөлүм башчысы

Мен Соодонбекова Бактыгүл Абдыбековна 1970-жылы 27-мартта Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулгам. 1986-жылы М. Мусулманкулов орто мектебин аяктап, 1987-жылы КЖПИ тапшырып физика математика бөлүмүн 1993-жылы аяктап, ушул эле жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы М. Жаңыбаева атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштедим.2003-жылы которуу жолу менен А. Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде математика мугалими, 2004-2007-жылга чейин предметтик бирикме жетекчи, 2007-2010-жылдары мектептин профсоюз уюмунун төрайымы, 2012-жылдан бери окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп келүүдөмүн.
Мектептин проблемасы — окуучуларга терең билим берүү менен арыбас мээнет алдыңкы өнөр билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу болгондуктан проблеманын үстүндө иш алып баруудабыз, жыл сайын ЖРТдө жогорку балл алуучулардын көрсөткүчү 48%, 49%, 50% көрсөтүлүүдө. 2012-2013, 2013-2014-окуу жылында окуучулар «Алтын тамга» аттестаттына ээ болушкан.
2012-2013-окуу жылында артыкчылык аттестатка окуучум Убайдылда кызы Кенже ээ болгон. ЖРТ көрсөткүчтөрүм 48%, 50% түзүп жакшы көрсөтүүдө. Негизи мугалимдер сапаттуу билим берүүнүн үстүндө эмгект

Мамлекеттик сыйлыктарым:

Мектеп администрациясынан «Ардак грамота» 2003-жыл;
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан «Ардак грамота» 2004-жыл;
РБББ-нөн «Ардак грамота» 2008-жыл;
Мектеп администрациясынан «Ардак грамота» 2008-жыл;
Облустук профсоюздан «Ардак грамота» 2008-жыл
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги төш белгиси;
Мектеп администрациясынан «Ардак грамота» 2009-жыл;
КР-нын Билим берүү жана илим министрлигинен «Ардак грамота» 2009-жыл;
Райондук профсоюздан «Ардак грамота» 2012-жыл;
Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги төш белгиси 2012-жыл;
РБББ-нөн «Ардак грамота» 2013-жыл;
Тогуз-Торо райондук Каргалык айылдык округунан «Ардак грамота» 2013-жыл;
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан «Ардак грамота» 2015-жыл;