Ясынова Эркин Бердалиевна

Орус тили жана адабияты мугалими

Мен, Ясынова Эркин Бердалиевна 1950-жылы 1-январда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулгам. Улутум кыргыз, билимим жогорку.
Казарман орото мектебин 1966-жылы окуп бүтүргөм. 1973-жылы В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктагам. Эмгек жолумду 1973-жылы Казарман орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштагам. Азыркы мезгилде №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде үзүрлүү эмгектенүүдөмүн.
Мугалим болуп иштөөдөгү менин максатым балдарды орус тили жана адабияты сабагына кызыктыруу, ынандыруу, окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багыттайм. Иштеген мезгилден бери окуучуларга терең билим берүү жана окутуунун сапатын көтөрүүнүн үстүндө иштөө менен, иш тажрыйбаларымдын актуалдуулугу, көрсөтмөлүүлүгү жана педагогикалык чыгармачылык чеберчилигимди көрсөтүү менен эмгектенип келүүдөмүн.
Иш тажрыйбаларымда сабактын төмөндөгүдөй: «Сабак-конференция», «Сабак-жомок», «Сабак-семинар», «Сабак-иштиктүү-оюн» сыяктуу активдүү формаларын өз практикасында ийгиликтүү пайдаланып келем.
1999-2000-окуу жылынан бери райондук, областык предметтик олимпиадаларда орус тили жана адабияты сабагынан мен билим берген окуучулар I,II, III орундарды ээлешип, мектептин намысын коргоп келишкен. Азыркы мезгилде «Окуучулардын орус тили сабагында сөз байлыгын өстүрүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу» деген проблеманын үстүндө иштеп келе жатам.

Мен билим берүү системасындагы өзүмдүн үзүрүлүү эмгек жолумду көптөгөн жемиштүү иштерди жүргүзүп, төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болдум.
1995-жылы Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы»;
1998-жылы «КРнын билим берүү отличниги»;
2000-жылы Жалал-Абад билим берүү башкармалыгынын грамотасы жана «Жылдын мыкты кабинети» кароо сынагында 1-орундун «Ардак грамотасы», «Орус тили жана адабияты» боюнча кабинет түзүп, биринчи орунду ээлеген.
2003-жылы «Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги»;
2006-жылы КРнын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин «Ардак грамотасы»;
2009-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы»;
2013-жылы Райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы»;
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук Каргалык айыл аймагынын «Ардак грамотасы» менен сыйлангам.
2013-жылы «Иштерман» жылында Э. Ясынова өз каражатынын эсебинен жалпы 25000 миң сомго кабинет жабдып, райондук деңгээлде жаш мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышкан семинар өткөрүлүп, мыкты кабинет аталган.
2014-жылы КРнын «Ардактуу Аксакалдар жана Айымдар» коомдук бирикмесинин «Ардактуу айымы» ордени;
2015-жылы КРнын Аялдар Конгрессинин «Ардак грамотасы»;
2015-жылы №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин «Ардак грамотасы»;
2015-жылы КРнын Билим берүү кызматкерлеринин үчүнчү сьездинин делегаты болуп катышкам.
2019-жылы Кыргызстан Аялдар Конгрессинин эл аралык маанидеги «Лидер Айым» алтын медаль төш белгиси менен сыйлангам.
2019-жылы «Ардактуу мугалим» төш белгиси «Беш берен» Эл аралык коомдук фонду тарабынан сыйлангам.
49 жыл эмгек тажрыйбамда 5 жолу «Орус тили жана адабияты» кабинетин жасалгаладым.