Жумабаева Гүлсаадат Ногоевна

Англис тили мугалими

Мен,Жумабаева Гүлсаадат Ногоевна,Тогуз-Торо районунун Казарман кыштагында 1968-жылы туулгам.
1975-жылы Казарман орто мектебине кирип,1985-жылы бүтүргөм.
1985-жылы В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер университетинин чет тилдер факультетине кирип,1990-жылы жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүргөм.Алгачкы эмгек жолумду Казарман мектебинде англис тили мугалими болуп баштагам.1996-1997-жылдары Казарман орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы болуп иштедим.1994-2004-жылдарында райондук-чыгармачыл мугалимдердин»Жыл мугалими»кароо-сынагына катышып,байгелүү жана 3-орунду ээлегем.
Райондук элге билим берүү тарабынан чыгармачылык изденүүм,уюштуруучулук чеберчилигим менен бааланып,»Ардак грамоталар»менен сыйлангам.
2012-2013-окуу жылында англис тили кабинетин өз каражатым менен заманга ылайык кылып жасадым,усулдук иштерин жакшыртууда,мугалимдердин кесиптик чыгармачылыгын жогорулатууда өз салымымды кошуп,үзүрлүү эмгектенүүдөмүн.Окуткан окуучуларым райондук олимпиадада байгелүү орундарга ээ болуп,областтык олимпиадаларга катышып келүүдө.2013-2014-окуу жылында райондук олимпиадада 2 окуучум 1-2-3-орундарды ээлеп келген.2014-2015-окуу жылында 2 окуучум райондук олимпиадада 1-3-орунду,2015-2016-окуу жылында областтык олимпиадага катышып келген.
Үй-бүлөлүүмүн.Эки уулдун апасымын.